Марал Радиосу

Студент-ыктыярчылар 20 тонна таштанды чыгарышты

Бүгүн, 14-ноябрда студент-ыктыярчылар Бишкектеги Илимдер академиясына караштуу Э. Гареев атындагы ботаникалык бакты тазалоого чыгышты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын демилгеси менен уюштурулган.

Ишембиликке 200дөн ашуун студент катышып, 20 тонна таштанды чогултушкан. Аны ташып чыгарууда Бишкек шаарында «Тазалык» кызматы көмөк көрсөткөн.

Exit mobile version