Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Стамбул шаарында жайгашкан Түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна барды.
Ал жерде министр Стамбул шаарынын жергиликтүү жетекчилери менен түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендигинин 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларды жана Кыргызстан маданий күндөрүн уюштурууну талкуулады.
Андан тышкары маданий борбордогу Кыргызстандын үйүн көрүп, мындан ары ички мазмунун жана коюлган буюмдарды дагы жакшыртуу керектигин, жакынкы арада бул боюнча жаңы концепция жазыларын билдирди.