Марал Радиосу

Сузакта иске ууккан үч наристе чарчап калды

Бүгүн, 14-ноябрда үч бала иске уугуп көз жумду. Маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да тастыктаганын «Спутник Кыргызстан» агенттиги жазды.

Окуя бүгүн эртең менен болгон. Балдардын апасы өтө оор абалда Сузак аймактык ооруканасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги балдардын улуусу алты жашта, кичүүлөрү төрт жаштагы эгиздер экенин билдирди.

Келин үч баласы менен мештен чыккан иске уугуп калышкан. Учурда тергөө жүрүп жатат.