Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Ынтымак» партиясынан талапкер болгон Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалым болгондой, парламенттик шайлоого үгүт баштала электен мурун КТРКда «Биздин айыл» телекөрсөтүүсү тартылган. Ага Алмамбет Шыкмаматов да катышып, айылы тууралуу маек берген.
Бул боюнча БШКга Социал-демократтар партиясынын катчылыгынын башчысы Таалайбек Усубалиев арыз жазган. Ал сөз болуп жаткан 25 мүнөттүк көрсөтүүнүн басымдуу бөлүгүндө Алмамбет Шыкмаматов сүйлөгөнүн айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясы арызды карап чыгып, видеодо мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүү бар экенин белгилешкен. Буга байланыштуу Алмамбет Шыкмаматовго 7,5 миң сом айып салынып, КТРКга оозеки эскертүү берилген.