Марал Радиосу

Ысык-Көл: Жыргалаңда шахта урап, бир адам каза тапты

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы кароосуз калган Жыргалаң шахтасы урап, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, шахта урап, бир адам ичинде калганы боюнча маалымат кечээ, 13-ноябрда түшкөн.

Жерине кечки саат 19:50дө барган ӨКМдин тоо-кен куткаруу кызматынан 13 куткаруучу каза болгон жаранды шахтадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.