Марал Радиосу

COVID-19: Эмдөө алгандар эки миллионго чукулдады

14-ноябрга карата 7 миң 703 адам коронавируска каршы эмдөө алганын COVID-19 боюнча республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен 3 миң 386 адам биринчи дозасын, 4 миң 317 адам экинчи дозасын алган.

Муну  менен жалпы өлкө боюнча вакцина сайдыргандардын саны 1 млн 854 миң 885ге жетти. Булардын 1 млн 37 миң 929у биринчи дозасы, 816 миң 956сы экинчи дозасы менен эмделген.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.