Марал Радиосу

14-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9,

Бишкек шаарында 14-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.