Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 12 миң 79 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Анын ичинен 5 миң 697 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 382 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 34 миң 435 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 812 миң 539 жаран экинчи компоненти менен эмделди.