Марал Радиосу

УКМК: Ысык-Атада мыйзамыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Ысык-Ата районунун Достук айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн негизинде чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” иштеп жатканы аныкталды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери уланууда.