Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.
Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров Мирзиёевди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Мирзиёевдин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык багыттагы кызматташуусу чоң дараметке ээ. Анын пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар.
Ошондой эле Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз болуп, Өзбекстандын лидери каржылык уюмдун ишин күчтөнтүүгө кызыгуусун билдирди.
Садыр Жапаров 11-ноябрда Стамбул шаарына иш сапары менен барган. Ал Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.
Анын алкагында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп жатат.