Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат (аудио)

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 1563 | 0

Айрым талапкерлер программасын айтышпай, башкаларды каралоого аракеттенишип, элге туура эмес маалымат таратып жатышат. Мен ал талапкерлерге айткым келет: сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн салынган имараттын ачылыш салтанатында билдирди.

Ташиев билдиргендей, талапкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер шайлоо өнөктүгүндө мыйзам сактоого тийиш.

«Биз алардын баары элге программасын айтып алышына шарт түзүп жатабыз, аны менен добуш алып, парламентке келишсин дейбиз. Мамлекет шарт түзүп, мыйзамдуулукту камсыздоодо. Алар да талапкердин этикасын сакташы керек. Бирок туура эмес маалымат таратышып, мамлекет башчысын, сиз жана бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерди каралоодо. Алар сөздөрүнө жооп беришет. Эл баарын түшүнөт деп ойлойм. Мамлекетти жамандоо менен алдыга жылам деп ойлоо — жаңылыштык», — деди Камчыбек Ташиев.

Ташиев ошондой эле шайлоону таза жана мыйзамдын негизинде өткөрүү милдети экенин белгиледи.

Мындан сырткары ал эгерде кайсы бир талапкер мыйзам бузса, анын эмгегине, коомчулуктагы атагына, мамлекеттик кызматта туугандары барына карабастан жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM