Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Нурбек Исмаилов депутаттык ишине киришип жатып ант берди.
Ал Мейкин Абдалиевдин ордуна «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болду.
Мейкин Абдалиев өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыратылган.
Эске салсак, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.