Марал Радиосу

Президент Түрк маданияты фондун каржылоо боюнча мыйзамга кол кол койду

Президент Садыр Жапаров «2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Баш кеңсеси Баку шаарында жайгашкан Түрк маданияты жана мурасы фонду түрк маданиятын жана мурастарын коргоо, изилдөө жана жайылтуу максатында жазылган долбоор-программаларды, өткөрүлгөн иш-чараларды колдоп, каржылык жактан жардам берет.

Айта кетсек, айтылган макулдашуу жана протокол Маданият, маалымат, спорт жана спорт министрлиги тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилип, аны парламент 3-ноябрда карап чыгып, президенттин ратификациялоосуна жөнөткөн.

Exit mobile version