9-ноябрга карата 54 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды.
Акыркы суткада 77 бейтап илдеттен сакайып, 2 адам каза тапты.
Учурда 576 бейтап стационарларда, 815 бейтап үйдө дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 181 миң 936 адам оору жугузган. Мунун ичинен 176 миң 323 адам айыгып, 2 миң 691 адам көз жумду.