Connect with us

Бир суткада 1 миң 664 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 8 Ноя 2021 | 299 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 664 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматтарында айтылат.

Анын ичинен 915 адам вакцинанын биринчи дозасын, 749 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 13 миң 544 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 787 миң 33 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда 29-мартта жалпы эмдөө башталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM