Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 664 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматтарында айтылат.
Анын ичинен 915 адам вакцинанын биринчи дозасын, 749 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 13 миң 544 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 787 миң 33 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда 29-мартта жалпы эмдөө башталган.