Кыргызстан – асман тиреген тоорлорунда ак кар, көк муз мөңгүлөр жаткан, жаратылыш кооз өлкө. Тоолуу өлкө болгондуктан Кыргызстанда көлдөрдүн саны көп. Болжол менен 2 миңге жакын көл бар. Алардын ичинен 16сы ири деп эсептелет. Ири көлдөрдүн катарында Сары-Челек көлү бар.
Сары-Челек чоңдугу боюнча Кыргызстандагы төртүнчү көл болуп саналат. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Сары-Челек» коругунда жайгашкан. Айта кетчү нерсе коруктун аймагында Сары-Челектен тышкары дагы 6 майда көл бар.
Сары-Челек деңиз деңгээлинен 1 миң 878 метр бийиктикте жайгашкан. Анын орточо тереңдиги 98 метр болсо, эң терең жери 244 метрге жетет. Сары-Челек тереңдиги боюнча Кыргызстандагы көлдөрдүн арасында экинчи орунду ээлейт. Биринчи орунда сиздер билгендей эле Ысык-Көл турат. Ысык-Көлгө салыштырмалуу Сары-Челектин суусу туздуу эмес, ичкенге болот. Тузсуз болгондуктан кышында көлдүн суусу тоңуп калат. Көл тоңгондо муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге чейин жетет.
Окумуштуулардын пикири боюнча, Сары-Челек көлү 10 миң жыл мурда жер титирөөдөн кийин пайда болгон.
Көлдүн узундугу 7,5 чакырым, эң жазы жери 2,3 чакырымга жетет, аянты 492 гектарды түзөт.
«Сары-Челек» коругу
Сары-Челек көлү жайгашкан «Сары-Челек» мамлекеттик биосфералык коругу 1959-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин токтому менен жергиликтүү өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана изилдөө үчүн түзүлгөн. Ал Кыргызстандагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын бири болуп эсептелет.
Корук өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы болгондуктан, ал жактагы көлдөр, жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр да коргоого алынган. Маселен, коруктун аймагындагы көлдөрдөн балык кармоого болбойт. Балыкты мыйзамсыз кармагандарга 1 миң 100 сом айып салынат. Ошондой эле Сары-Челек көлүндө сууга түшүүгө, моторлуу кайыктар менен жүрүүгө тыюу салынган. Ошентсе да коруктун аймагына келгендер жай күндөрү сууга түшүп жүрүшөт.
Коруктун аймагында Аркыт деген айыл жайгашкан. Анда 1 миң 300дөн ашык киши жашайт. Айыл тургундарынын айрымдары Сары-Челекти көрүүгө келген саякатчыларды коноктоп, акча табат. «Сары-Челек» коругу өзгөчө коргоодогу жер болгондуктан, анын аймагында айыл же башка конуш жайгашпашы керек. Мындан улам айыл элин башка жерге көчүрүү керектиги бир нече жылдан бери айтылып келет. Бирок ал качан ишке ашары белгисиз.
Аркыт айылынан Сары-Челек көлүнө жетүү үчүн чейин узун жолду басып өтүү керек. Болжол менен анын узундугу 10-15 чакырымды түзөт. Жол бою, тоо этектеринде чытырман болуп турган бак-дарактар тоо бооруна, кырларга чейин өсүп, тоону көк майса чөп, гүлдөр каптап турат.
Коруктун аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар байырлап, өсүмдүктөр өсөт. Мисалы, ак илбирс, сүлөөсүн, суусар, күрөң аюу, каман, элик, тоо текеси, маралдар ж.б. бар. Ошондой эле жаңгак, арча, карагайлар ж.б. өсөт. Коруктун аянты 23 миң 868 гектар болсо, анын 2 миң 66 гектарын жаңгак токою ээлейт. Бул жаңгак токою аянты боюнча Кыргызстанда Арстанбаптан кийинки орунда турат.
«Сары-Челек» коругу 1979-жылы ЮНЕСКОнун «Адам жана биосфера» программасынын биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк тармагына киргизилген. Ал эми, 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар объекттеринин тизмесине Батыш Тянь-Шандын бир бөлүгү катары катталган.