Марал Радиосу

Бишкекте балдар арасында шахмат боюнча мелдеш башталды

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарында 6 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жана балдар арасында шахмат боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды.

Мелдеште Кыргызстандын бардык аймагынан жалпы 350 катышуучу күч сынашат.

Мелдеш Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинде өтүп жатат. Медалдар 6, 8, 10, 12, 14 жаш курактагылар арасында ойнотулат. Турнир швейцариялык системанын негизинде 7 тур боюнча өткөрүлөт.

Оюндар 14-ноябрда жыйынтыкталат.