Марал Радиосу

Бишкекте жол кырсыгынан 15 адам жабыркап, экөө каза болду

Бишкек шаарында айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 10 адам жабыркаган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Учурда кырсыктын кесепетинен жабыркагандарды саны такталууда.