Марал Радиосу

10 айда бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 31 млрд сом түштү

Салык кызматы быйыл 10 айдын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146.3 млн сом суммасында камсыз кылды, бул белгиленген пландан 6863 млн сомго же 102.3%га көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880.6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118.6%ды түздү.

Ушул жылдын октябрь айында суммасы 3 млрд 221.6 млн сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү бюджетке түшкөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 100.4%ды түздү же 11.6 млн сомго көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 429.9 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 115.4%ды түздү.

Салык кызматы  камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды.

Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729.3 млн сом чогулду, аткаруу  124.2%ды түздү же 142.3 млн сомго көп болду.

Өткөн жылга салыштырмалуу 284.1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163.8%ды түздү.