Марал Радиосу

Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы өттү (сүрөт)

Бүгүн, 6-ноябрда Парламенттин сенаты менен мыйзам чыгаруу палатасынын биргелешкен жыйынында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ант берүү аземи өттү.

Октябрдын аягындагы шайлоодо жеңип чыккан Шавкат Мирзиёев ант берип, президенттик кызматка кайра киришти.

Kun.uz сайтынын маалыматы боюнча, мындай салтанат Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүүдө. Салтанатка эки палатанын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, бир катар элчиликтер чакырылган.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өткөн. Анда Шавкат Мирзиёев 80,4% менен жеңишке жеткен.