Марал Радиосу

U-23: Балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде Эрназар Акматалиев (70 кг) финалга чыкты.

Акматалиев килем үстүнө бүгүн, 5-ноябрда чыкты. Ал кармашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде грециялык Кристос Кристофоридисти 12:2 эсебинде жеңди. Андан соң чейрек финалда ирандык балбан Алиакбар Алиасгар Фазлыкхалылыны 10:6 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Акматалиев азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Финалдык беттеште Акматалиев армениялык Вазген Теванян менен күч сынашат. Бул кармаш эртең, 6-ноябрда өтөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Эрназар Акматалиев октябрда Норвегиянын Осло шаарында өткөн чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынган.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионаты (U-23) Белград шаарында өтүүдө. 1-ноябрда башталган мелдеш 7-ноябрда жыйынтыкталат.

Бул мелдеште кыргызстандык балбандардын капчыгында бир медаль бар. 4-ноябрда 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы алтын утуп, дүйнө чемпиону болду. Чемпионаттын биринчи күндөрүндө килем үстүнө чыккан грек-рим балбандары байгелүү орундарга илинген жок.