Марал Радиосу

Уролог: Химиотерапия эркектердин урук безине терс таасир этет

Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн дарыгери Таалай Сагынбаев «Маралдын» эфиринде эркектердеги тукумсуздуктун негизги себептерин санап берди.

Андан тышкары кургак учук, боордун циррозу, бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги, дем алуу жолдорунун өнөкөт оорулары, кант диабети сыяктуу оорулар да тукумсуздукка алып келерин билдирди.

Анын айтымында, чурай чуркусуна (грыжа) же табарсыкка байланыштуу операциялар да эркектердин тукумсуз болуп калышына себеп боло алат.

«Ошондой эле жаш балдар көп учурда велосипед тээп баратып, чынжыры үзүлүп кеткенде заара жолдоруна велосипеддин отургучунан травма алышат экен. Мындай окуя менен кайрылгандар көп. Убагында дарыгерге көрүнбөсө, шишип, кан уюп, ириңдеп кетиши мүмкүн.  Бул дагы тукумсуз калууга себеп болот», — дейт дарыгер.

Ал ошондой эле нур терапиясы, гормонотерапия, химиотерапия бейтаптардын урук бездерине терс таасир эте турганын билдирди.

Exit mobile version