Марал Радиосу

Ысык-Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн төрт үй курулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, бүгүн, 3-ноябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Кызматтык үйлөрдү «Мега Профит» жоопкерчилиги чектелген коому куруп берген.