Марал Радиосу

Садык Шер-Нияз Франциянын президентине ишеним грамота тапшырды

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз президент Эммануэль Макронго ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишеним грамота кабыл алуу салтанаты Париждеги Елисей резиденциясында өттү. Иш-чарага Эммануэль Макрондун дипломатиялык кеңешчиси менен Франциянын Тышкы иштер министри кошо катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Макрон Глазгодогу саммиттин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушканын айтып, өлкөлөр аралык, ошондой эле Борбор Азия — Франция кызматташтыгын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Садык Шер-Нияз Франция менен кызматташтыкты бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын, буга байланыштуу 2020-жылы Парижге элчилик ачканын маалымдады. Ошондой эле келерки жылы эл аралык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толоруна, мунун алкагында бир топ иш-чаралар мерчемделип жатканына токтолуп өттү.

Exit mobile version