Марал Радиосу

Салык кызматы: 281 ишкердин мыйзам бузганы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорундагы ишкердик субъектилерге рейд жүргүздү. Анда 674 жеке тарап салыктык көзөмөлдөн өттү.

Мунун ичинен 279 жеке тарап салык төлөө, 395 жеке тарап сатып алуулар боюнча текшерилди. Натыйжада 281 ишкердин мыйзам бузганы аныкталды.

Айта кетсек, салык төлөө боюнча текшерүү учурунда 80 ишкер уруксат кагазын (күбөлүк, патент, лицензия) көрсөтө алган эмес, 44 ишканада көзөмөл-кассалык машина коюлбаган, 42 ишкерде эмгек келишими, полис жок болгон.

Ал эми сатып алуулар боюнча текшерүүдө 122 ишкер кассалык чектерди бере алган эмес, 74 ишканын кассасында ашыкча акча болгон, 5 ишкер ККМге же R-Keeperге кирүүгө каршылык көрсөткөн. Мындан тышкары текшерүү учурунда 117 субъект жабылып калган.

Exit mobile version