Марал Радиосу

Климаттын өзгөрүшү жана Кыргызстанга таасири

Президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине катышууда. Ага 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери келди. Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн британ премьер-министри Борис Жонсон дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн убакыт аз калганын белгилеген. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасады. Өлкө башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, чарбалык ишмердиктен да сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине токтолду.

Президент белгилегендей, Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарын чыгарууну 44%га кыскартууну максат кылууда.

«Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмиссиянын түзүмүндө биздин өлкөнүн үлүшү анча чоң эмес, болжол менен нөл бүтүн жүздөн үч (0,03%) пайызды түзөт, ал эми эмиссиянын табияты өндүрүштүк эмес, адамдардын жашоосуна байланышкан, башкача айтканда, антропогендик мүнөзгө ээ. Биздин эсептөөлөргө караганда, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн жети миллиард доллар талап кылынат. 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасына көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат. Кайра жаралуучу энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы. Биз табиятка зыян келтирбестен, өнөр жай тармагын жана турак жай-коммуналдык чарба секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык».

Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, узак жана кооз сүйлөгөндөрдүн доору бүтүп, максаттуу, ырааттуу жана натыйжалуу аракет кылууга убакыт келгендигин белгиледи.

Эколог Назгүл Эсен Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан жерди иштетүүдө, мал багууда туура жолду колдонуу аркылуу климаттын өзгөрүүсүнө чоң салым кошо турганын, жашыл экономиканы өнүктүрүү менен климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алууга боло турганын белгиледи.

«Кыргызстандыкы агрардык экономика болгондуктан, бул тармактан чоң салым кылсак болот. Себеби азыр дүйнөдө жерди калыбына келтирүү деген абдан чоң кыймыл болуп жатат. Мисалы, биз органик деп жатабыз, бирок Европа бул баскычтан өттү. Алар андан кийинки этап жерди калыбына келтирүү, туура колдонууга өтүп жатышат. Буга биз агрардык экономика катарында өзүбүздүн салымыбызды кошсок болот. Эмнеге дегенде ал көмүртектин азыраак чыгышына салым кошот. Бул атайын илимий изилдөөлөр менен тастыкталган. Айыл чарбасында жерди иштетүү, малды багуу туура болсо, климаттын өзгөрүүсүнүн азаюусуна абдан чоң салым кошот. Экинчиден, майда ишканаларды жашыл экономика жактан өнүктүрүп кетсе болот». 

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетов  климаттык өзгөрүүлөр өзгөчө тоолуу өлкөлөрдө келечекте негизги маселе болорун белгилеп, бул багытта долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экенин айтты.

«Климаттын өзгөрүүсү тоолуу өлкөлөргө көп зыянын тийгизет. Алар: Евразиянын ортолугунда турган Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр. Ошондуктан Глазгодогу саммиттин мааниси чоң. Биз көмүртектин көлөмүн нөлгө түшүрө алабыз, себеби эч кандай жаратылышты бузбайбыз. Экологияны бузган өлкөлөр — Кытай сыяктуу ири мамлекеттер. Биз квотталарды жана чоң долбоорлорду иштетишибиз керек. Биз 5-10 жыл даярдансак, алдыда күтүлүп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдө катуу кыйналбайбыз. Ага сөзсүз даярдык жана долбоорлор керек».

Глазгодогу саммиттин алдында Римде «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттердин башчыларынын саммити өткөн. Ага катышкан өлкөлөр атмосферага чыккан уулуу газдардын көлөмүн нөлгө түшүрүү боюнча узак мөөнөттүк стратегияларын 2030-жылга чейин иштеп чыгууну макулдашкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган «СOP26» деп аталган эл аралык конференциясынын расмий ачылышы жекшемби күнү болгон. Дүйнө лидерлеринин жыйыны 12-ноябрга чейин созула турган конференциянын алкагындагы эң ири иш-чара болуп саналат.