Марал Радиосу

Александр Крестинин «Дордой» футболдук клубунан кетти

Александр Крестинин Бишкектин «Дордой» футбол клубунун машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.

Ал өзү кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Крестинин команданы 2017-жылдан бери машыктырып, башкы насаатчы катары 169 беттеш өткөргөн.

Анын жетекчилигинде «Дордой» футбол клубу төрт жолу катары менен Кыргызстандын премьер-лигасында чемпион (2018, 2019, 2020, 2021), эки жолу Кыргызстандын Кубогунун (2017, 2018) жана Суперкубогунун (2019, 2021) жеңүүчүсү болгон.

Александр Крестинин 2014-жылдан бери Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучу болуп эмгектенет.