Марал Радиосу

Президент Британ ханзаадасынын сый тамагына катышты

1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Королунун үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.

Салтанаттуу кабыл алууга президент Садыр Жапаров катышты.

Падышанын үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды Ханзаада Чарльз кабыл алды.

БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.