Эртең, 2-ноябрда Бишкектин эки конушуна ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо суу алгычтарындагы, шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу бул эки конушта суу убактылуу өчүрүлөт.
• Калыс Ордо конушунда – 9:00дөн 15:00гө чейин;
• Мурас Ордо конушунда — 9:00дөн 17:00гө чейин.