Марал Радиосу

БШК 21 партияны жана бир мандаттуу округдан 321 талапкерди каттады

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Үгүт иштери 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.

Парламенттик шайлоого 21 партия каттоодон өткөн. Алар: «Ата Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс» «Азаттык», Улуу-Журт», «Мекенчил Эл», «Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы», «Социал-демократтар», «Аруузат», «Ордо», «Багыт», Жашылдар», «Легалайз», «Күчтүү регион», «Жашасын Кыргызстан» жана «Эл үмүтү» партиялары.

Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер болгон 321 киши катталды.

Тизме төмөнкүдөй: