Марал Радиосу

Pfizer вакцинасы өспүрүмдөргө да сайылабы?

Pfizer вакцинасынын таасири 90%дан өйдө болууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Pfizer — эң биринчи чыккан вакциналардын бири. Январь айында COVAX 30 миң доза сунуштап, бирок аны -70 градуста сактай турган муздаткычтын жоктугунан Кыргызстан алуудан баш тарткан. Башка өлкөлөрдө бул вакцинаны алгандардан өнөкөт оорулардын курчуп кетиши байкалган эмес.

«Көп өлкөлөр ушул вакцина менен калкынын 70%дан ашыгын эмдешти. Бул — өзүнүн коопсуздугун көрсөткөн вакцина. Эгер «Синофармдын» таасири 80%дан  жогору болсо, Pfizer вакцинасыныкы 90%дан жогору.  Бул вакцинаны балдарга да сайып жатышат. Бирок бүт өлкөлөргө сунушталма бериле элек. Биз ар бир расмий түрдө келген сунуштамаларды колдонобуз. Бирок биз азыр 12 жаштан жогору өспүрүмдөргө сунуштасакпы деп ойлоп жатабыз», — деди ал.

Маалыматка караганда, алынып келинген вакцина 125 миң кишиге жетет деп пландалып жатат. Сактоо мөөнөтү 6 ай болгондуктан, жарым жылга чейин сайылып бүтүшү керек. 2022-жылдын башында дагы келиши күтүлөт.

Exit mobile version