Марал Радиосу

Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат

Кыргызстанда жүгөрүнү экспорттоого киргизилген чектөө алынат. Бул тууралуу брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, өстүрүлгөн жүгөрүнүн бир бөлүгүн өлкөдөн тышкары экспорттоо чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, өткөн жылы ноябрда Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Exit mobile version