Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт
Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Бишкекте 30-октябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.