Марал Радиосу

Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 1-5-ноябрда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы кабарлады.

Таш түшүрүү иштери Боом капчыгайынын 132-чакырымында болот. Буга байланыштуу күндүзгү саат 09.00дөн 15.00гө чейин жол маал-маалы менен жабылып турат.

Жолду тазалоо учурунда унаалардын саны 30-40ка чейин топтолуп калса, жол ачылып өтүүсүнө уруксат берилет.

Exit mobile version