Марал Радиосу

Улуттук банк онунчу ирет интервенция жасады

Улуттук банк 28-октябрда валюта базарына интервенция жасап, 50 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган онунчу интервенция.

Улуттук банк жыл башынан тарта 391 млн 350 миң доллар валюта базарына саткан.