Марал Радиосу

Бишкекте турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Бишкек шаарындагы Маяковский көчөсүндөгү үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

27-октябрда кечки саат 23:53 чамасында турак үй өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Свердлов райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматы барып, өрт саат 00:18де толук өчүрүлгөн.

Үйдөгү эмеректер жана жыгач полу күйүп кеткен. Ошондой эле үйдөн бир адамдын сөөгү табылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана каза тапкан адамдын ким экени такталууда.