Марал Радиосу

Баткенде тажик жараны баңгизат менен кармалды

Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облустук башкармалыгы баңгизат саткан тажик жаранын кармады.

Атайын жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Лейлек районундагы Жаштык айылынын Тажикстан менен чектешкен жолунда баңгизат жеткирүү, сатуу иштерин уюштуруп жүргөн тажик жараны колго түшкөн. Текшерүү учурунда жанынан 9 кг 521 гр салмактагы «гашиш» (чарс) табылган.

Кармалган З.З. Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.