Марал Радиосу

Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайра түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Аталган жарлык менен президенттин ушул жылдын 12-октябрындагы «Кыргызстандын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Президенттик администрациянын түзүмү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизилди.

Бул Жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин Министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.