Марал Радиосу

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 383 сомду түздү

Кыргызстанда ушул жылдын III кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду (75 доллардан бир аз көбүрөөк) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1158 сомго (14 доллар) же 22%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Жашоо минимумунун наркы республиканын бардык аймактарында өстү. Өлкөдө жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталган. Андан кийин Бишкек менен Ош шаарлары турат.

Жашоо минимумунда каралган акчанын 65%ы азык-түлүк сатып алууга, 16%ы башка товарларга, 17%ы кызмат көрсөтүүлөргө жана салык төлөөгө 2%ы коротулат деп эсептелген.

Жашоо минимуму – бир адамдын бир айда күнүмдүк оокатын «дурус» өткөрүү үчүн жетет деген акчанын өлчөмү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 562 сом болгон.

Аймактардагы жашоо минимуму

(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен)