Марал Радиосу

Өлкө боюнча жалпы 944 миң адам эмделди

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 429 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 966 адам вакцинанын биринчи дозасын, 463 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 944 миң 603 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 716 миң 669 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда эмдөөнүн биринчи этабы апрелдин аягында башталаган. Ошондой эле 27-октябрда эл аралык COVAX механизми аркылуу Pfizer BioNTech вакцинасы келет.