Сотто жубайлардын бири ажырашууга каршы болсо, судья ойлонууга 1-3 ай мөөнөт берет. Бул тууралуу жеке юрист Жаңыл Алымкул кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ажырашууну чечкен жубайлардын бири экинчисине доо арыздын бир нускасын жөнөтөт. Сот отуруму белгиленгенден кийин соттор да тиешелүү түрдө билдирме жөнөтөт. Ошолорду алып, сот отурумуна келбей койсо, иш баары бир каралып, чечим чыга берет.
Сотко эки тарап тең келип, макулдугун берсе, ажыраштырып берет. Эгер бир тарап келип, «каршымын, ажырашпайм» деп калса, анда сот мыйзамга ылайык элдешүү үчүн мөөнөт берет. Бул — минимум бир ай, максимум 3 ай. Мөөнөт бүткөндө экинчи тарап ажырашуу оюнан кайтпаса, сот ажырашканы тууралуу чечим чыгарып берет. Чыккан чечим 1 айдан кийин күчүнө кирет. Ошондон кийин тараптар ажырашкан болуп эсептелет.
Кээде эки тараптын ортосунда бала талашуу болуп калат. Бул нерсени эки тарап сотко чейин чечип алса болот. Эгер макулдаша албаса, ортодо бала талашка түшсө, анын ким менен каларын сот аныктайт. Ал үчүн дагы ким кызыктар болсо, ошол тарап баланын жашаган жерин аныктоо боюнча доо арыз жазат.
Кандай документтер керектелет?
- Өзүбүздүн паспортубуздун көчүрмөсү;
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- жашаган жерден справка;
- иштеген жерибизден айлык акыбыздын өлчөмүн көрсөткөн справка;
- жашаган жерибизде коңшулардан же кесиптештерибизден жүрүм- турумубузду мүнөздөгөн мүнөздөмө.
Сот ошол бала ким тарапта калганы жатса, ошол тараптын үй шартын текшертет. Кандай жерде жашайт, бала ошол жерде калса коопсузбу, бакканга, жашаганга ыңгайлуубу?
Кээ бир учурда биз психологго да өтүнмө берсе болот, психолог бала менен сүйлөшүп, кимисине жакыныраак экенин аныктап берет, ал да аябай чоң роль ойнойт.