Кыргыз Республикасынын статистикалык билдирүүлөрүнө ылайык, акыркы жылдарда Кыргызстан боюнча жалпы 11 миңден ашык ажырашуу иштери болгон. Бул — кичинекей Кыргызстан үчүн аябай чоң сан. Андан тышкары юристтерге алимент жана ажырашуу боюнча суроолорду сурап көп кайрылышат.
Жеке юрист Жаңыл Алымкул кызы «Маралдын» эфиринде ажырашам деп чечкен адамдар каякка кайрылышы керектиги, кандай документтер керектелери тууралуу айтып берди.
Ажырашуу эки тартипте ишке ашырылат: биринчиси, жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) органы аркылуу, экинчиси, сот тартибинде. Жубайлардын жашы 18ге жете элек балдары жок болсо, мүлк талашуу маселеси жок болсо, анда ЗАГСка барып эле чогуу арыз жазып, ажырашып алса болот.
Андан сырткары эгер жубайлардын бири сот аркылуу дайынсыз жоголгон деп табылган болсо, же жубайлардын биринин акыл-эси ордунда эмес болсо, ошондой эле жубайлардын бирөөсү кылмыш жасап, 3 жылдан ашык убакка эркинен ажыратылган болсо, бул учурда экинчиси ЗАГСка барып, ошол жактан эле никесин буздуруп алса болот.
Сотто нике бузуу, бул — биринчиден жубайлардын ортосунда жашы 18ге жете элек балдары бар болсо, же мүлк талашуу маселеси жаралып аткан болсо, никени бузуу сот тартибинде ишке ашырылат.
Кандай документтер керек, кайсы жакка барат?
Ажырашууну чечкен жаран юридикалык тил менен айтканда, жоопкер кайсы жакта жашаса, ошол аймактагы сотко барып арыз жазат. Эгер ден соолугуна байланыштуу же колунда кичинекей баласы бар болуп, ошол аймакка бара албаса, анда өзү жашаган аймактагы сотко деле кайрыла берсе болот. Бул дагы атайын мыйзамда каралган. Ал доо арызга сөзсүз түрдө тиркелүүчү документтер: биринчи нике күбөлүктүн түп нускасы, кийинкиси өзүнүн паспортунун көчүрмөсү, анан балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү дагы керек. Балдардын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн нотариалдык күбөлөндүрүп, анан тиркейт. Эгер көчүрмөсүн гана тиркеген болсо, анда кийин сот отуруму болгондо түп нускасын ошол сот отурумуна алып келүүгө туура келет.
Андан тышкары, эгер жашап жаткан жакта пропискасы жок болсо, анда ошол жашап жаткан жерден маалымдама алат, ал жерде сөзсүз үй бүлө мүчөлөрү көрсөтүлүшү керек, ал справканы дагы тиркейбиз. Ушул документтерди чогултуп, сотко алып барып берерден мурда, РСК банкына барып, 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөйт. Төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны дагы доо арызга кошуп тиркейт. Андан кийин мындай пункт бар: доо арызды 3 экземплярда жазабыз, биринчисин сотко беребиз, экинчисин жубайыбыз же жолдошубузга “Кыргыз почтасына” барып, дарегине жөнөтөбүз. Аны жөнөтүп, почтадан жөнөткөндүгүбүз тууралуу квитанцияны алып, аны дагы доо арызга тиркейбиз. Анан аны сотко алып барып тапшырабыз. Үчүнчүсү -колубузда калган доо арыз, аны канцелярияга алып баргандан кийин, алар документтер туура болсо, арызды кабыл алгандыгы тууралуу мөөр басып берет, же кайсы кызматкер кабыл алса, ошол аты-жөнүн, датасын жазып, кол коюп берет, бул — өтө маанилүү. Андан кийин канцеляриядагылар арызды бөлүштүрөт, карайт, сотко багыттайт. Сот кабыл алгандан кийин 5-7 күндө сот отурумун белгилейт. Белгилегенден кийин сот эки тарапка тең кабарлама жөнөтөт.
Арызды жубайлардын кимиси жазганынын айырмасы жок. Мындай бир маанилүү пункт бар, аялдардын укугун коргоо боюнча аябай маанилүү деп эсептелинген пункт: бул КР «Үй бүлө» кодексинин 18-беренеси, эгерде аялы кош бойлуу болсо же баласын жаңы төрөп бала 1 ге чыга элек болсо, анда күйөөсү ажырашуу тууралуу арыз жазганга укугу жок. Жазып кое берсе болот, бирок сот аны аялынын макулдугусуз карабайт, ажыраштырбайт.