Марал Радиосу

Акыркы суткада 119 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 23-октябрга карата 119 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 59, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 3, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда –7, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 180 миң 467ге жетти.

Акыркы суткада үч бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 650нү түздү.

23-октябрга карата дагы 73 адам илдеттен сакайып чыгып, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 175 миң 7ге жетти.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 663 бейтап, үй шартында 640 адам дарыланууда.

Exit mobile version