Марал Радиосу

Ошто табигый илимдерди тереңдетип окуткан инновациялык мектеп ачылды

Ош шаарында табигый жана так илимдерди тереңдетип окуткан Иновациялык жана лидерлик академия ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектептин салтанаттуу ачылышына Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова жана ишкерлер катышты.

Вице-мэр жаңы заманбап технологиялар менен билим берүүгө багыт алган мектепке ийгилик каалап, окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошорун кошумчалады.

Мектепте жогорку квалификациялуу мугалимдер иштеп, заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Жаңы билим берүү уясы 1-класстан 11-класска чейин 360 орунга ылайыкталган.