Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсү ачылды.
Анда айыл чарба техникасы, жер-жемиштердин ондогон түрү жана сүт азыктары, асыл тукум мал-жандык, жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүлдү.