Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан тажикстандык мугалимдер жана студенттер үчүн чек арасын ачты

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 607 | 1

Кыргызстандын аймагында окуган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарын өлкөгө киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинети кабарлады.

Кыргызстандагы билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга өткөн, же мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандары Кыргызстанга кире алышат.

Мурда Билим берүү жана илим министрлиги компетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча эки өлкөнүн чек арасын кесип өтүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган буйрук долбоорун киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM