Нурдин Букуев Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу 22-октябрда аталган мекемеден кабарлашты.
Нурдин Букуев 2009-жылдан бери футбол союзунда иштеген, акыркы жылдары башкы катчынын орун басары кызматын аркалап, юридикалык бөлүмдү жетектеген.
Ал кыргыз кичи футболунун негиздөөчүсү, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Медет Букуевдин уулу. Ал 2006-жылдан бери Эл аралык футбол федерациясынын ФИФА категориясындагы калыс.
Букуев Футзал боюнча Азия чемпиондугунун 2007-2018-жылдар аралыгындагы оюндарында калыстык кылган.
Кыргыз футбол союзунун жаңы жетекчиси болуп, быйыл 11-октябрда Медербек Сыдыков шайланган. Мурдагы президенти Канатбек Маматов шайлоого байланыштуу кызматтан кеткен.
Канатбек Маматов аталган кызматка 2019-жылдын 11-февралында Семетей Султанов мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткенден кийин шайланган.