Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 481 | 0

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жыйын өткөрөт.

Ал өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасап, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Басма сөз жыйынды КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтөт.

Садыр Жапаров 2020-жылы 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жатканда алгачкы маалымат жыйынын өткөргөн.

Жапаров Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен кийинки массалык башаламандык учурунда тарапташтары тарабынан абактан бошотулган. Ал алгач өкмөт башчынын милдетин аткарып, экс-президент Сооронбай Жээнбеков оставкага кеткен соң, президенттин милдетин кошо аткара баштаган. Быйыл январда өткөн президенттик шайлоодо өлкө башчысы болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM