Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясында жабыркагандардын маселеси талкууланат

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 308 | 0

22-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандардын жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өтөт.

Анда чек ара аймактарын, турак жайларды жана үй чарбаларын калыбына келтирүү процесси жөнүндө коомчулукка маалымдоо, компенсациялык сунуштарды иштеп чыгуу маселелери талкууланат.

Облустук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түзүлгөн мүлктү баалоо актыларына ылайык, өрттөө жана талап-тоноодон келтирилген зыян 782 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлдү?

Баткен окуясынан бери дээрлик беш ай өттү, кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү максатында Кыргызстан Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койду. Макулдашуунун алкагында, Түркия жабыркаган жашоочулар үчүн Сип-панель курулуш материалынан 140 үй куруп берет.

Бүгүнкү күнгө чейин Лейлек аймагында жашаган 98 тургун жаңы курулган үйлөргө көчүп кирди. Баткен районунда  40 үйдөн экөө гана курулган, калган 38 жаран туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүндө жашашат.

Турак жайлары күйүп кеткен 140 үй-бүлө президент Садыр Жапаровдун 27-28-августта болгон Баткендеги иш сапарында 100 миң сомдон алышкан.

Бүгүнкү күндө тургундардын чечилбеген бир катар маселелери бар:

-жаңы курулган үйлөрдүн сапаты;

-коопсуздук маселелери: Электр энергиясынын тез-тез өчүүсү;

-талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал жандыктарга болгон компенсация төлөмдөрүнүн кечиктирилиши;

-чечим кабыл алуу процессинде тургундардын катышуусун жана маалымат алуусун чектөө.

Талкууга министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү, акыйкатчы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Коомдук талкуу «Жетиштүү турак жай ар бир жарандын негизги укугу» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Долбоор Сорос Кыргызстан фондунун колдоосу менен каржыланып, Интербилим коомдук бирикмесинин Оштогу филиалы тарабынан ишке ашырылып жатат.

28-30-апрелде чыккан чыр-чатактын кесепетинен 36 жаран көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайлары  өрттөнүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого дуушар болгон. Мындан сырткары, жашоочулар жанжал учурунда укук белгилөөчү жана башка документтерди жоготушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM